Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) жарым оор салмактагы чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн мушкер Дмитрий Биволдун аялы Екатерина Бивол күйөөсү менен ажырашкандан кийинки жашоосу тууралуу айтты.
Ага социалдык тармактын колдонуучуларынын бири "Сизге азыр Дима (ред. Дмиртий Бивол) жок оор болуп жатабы?" деген суроо берген.
"Жок, акыркы бир жылда экөөбүз эки айдан ашык жолуккан жокпуз, анан ал дайыма бош эмес болчу. Ал эми буга чейин жылына алты-жети ай жалгыз болчумун. Мен жалгыз жашай алам. Азыр болгону үйдө гана жашоо кыйын. Мен анын алтын колдорун сагындым, үйдө тынымсыз бир нерселер сынып турат", - деген Екатерина.
Дмитрий менен Екатерина Бивол экөө тең 16 жашында Санкт-Петербургдун аэропортунан таанышышкан. Жубайлар Мирон жана Никон аттуу эки уулдуу болушкан.
Ушул жылдын апрель айында Екатерина Бивол жолдошу экөө эки ажырым жолго түшкөнүн билдирген.