Кыргызстанда төрөлгөн мушкер Дмитрий Биволдун аялы ажырашканын жарыялады

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) жарым оор салмактагы чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн мушкер Дмитрий Биовлдун аялы Екатерина Бивол күйөөсү менен ажырашканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Алгач Бивол өзүнүн сүрөтүн "Stories" баракчасына жайгаштырып, ага “Жалгыз жана бактылуу” деген жазууну коюп, андан соң жазылуучулардын суроолоруна жооп берди.

"Кечиресиздер, ажырашып кеттиңиздерби?" деген суроого "Эмне окшошпой жатабы? Кечирим суроонун кереги жок" деп жооп берди Екатерина Бивол.

Ошондой эле "Сиздин эми күйөөңүз жокпу?" деген суроого "Ооба" деп жооп берди ал.

Дмитрий менен Екатерина Бивол экөө тең 16 жашында Санкт-Петербургдун аэропортунан таанышышкан. Жубайлар Мирон жана Никон аттуу эки уулдуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан