Түркияда дагы жаңы жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы Twitter'деги баракчасында билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, 21-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:46да Адана провинциясында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очок 6,67 километр тереңдикте жаткан.
Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөлөр орун алган. Кырсык өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген.
Түрк бийлиги жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атаган.