Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринин студенттери Акаевдин лекциясын өткөрбөөнү талап кылышты

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери экс-президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршы экендиктерин билдиришти. Алар окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдошту.

"Мен жана биздин муун үчүн Аскар Акаев коррупциянын, уурулуктун, кыйроонун жана чыккынчылыктын символу", - деп жазган аталган окуу жайдын студенти Элхан Алыбаев өз кайрылуусунда.

Ошондой эле кайрылуу жасагандардын бири студенттерди Аскар Акаевдин лекцияларына бойкот жарыялоого чакырды.

19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени кабарланган.

Анын Улуттук илимдер академиясына жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине лекция окууру белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан