
Качкын президент
Аскар Акаев менен жубайы
Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, жубайлар өткөн түнү кыргыз-казак чек арасынан өтүп келишкен. Акаевдин Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылат. Лекциялар качан болору белгисиз.
Айрым маалыматтарга караганда Акаев жубайы менен Таласка барып, Майрам Акаеванын апасына куран окутушкан.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы
2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү
сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алган.
Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.