"Бир дагы жылыш көрө элекпиз". Балбак Түлөбаев Акылбек Жапаровдун өкмөтүн сынга алды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Акылбек Жапаровдун өкмөтүн сынга алды.

Эл өкүлү айыл чарба министри токой чарбасына жетиштүү көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрбөгөндүктөн улам токойлор жок болуп баратат деп нааразы болду.

"Бул калыпта кете берсе токойду жоготобуз. Токой чарбасы өзүнчө агенттик болуп турганда эле жакшы өнүгүп келе жаткан. Азыр токойлор жок болуп баратат. Жанагы көчөттөрдү отургузуп жатканда эле "бул өспөйт" деп айткам. Жазында айтсам жаман көрдүңөр, "Жашыл мурас" деп президентти уят кылып. Болбогон жердин баарына тигип жатасыңар, аны баары өлөт да, аны караш керек да. Мунун баарын биз өткөнбүз. Аскар Акаевдин убагында да ушундай кылгансыңар. Уят кылып жердин баарына тиккенсиңер, кана ошол көчөттөр? Токойдун баарын ачып, жайыт кылып берип жатасыңар, аны мал тебелеп жатат. Мунун баарын караш керек да", - деди Түлөбаев.

Депутат мындан сырткары дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыянын карапайым элге жетпей жаткандыгын айтты.

"Же насыяңар эч нерсеге жарабай калды. 6 пайыздан беребиз дедиңер эле, бирок элге жеткен жок да насыяңар. Анда аны айтпай койгула да. Социалдык камсыздоо министрлиги берип жаткан 100 миң сом эң сонун. Ошол сыяктуу айыл чарбасына да бериш керек. Элдин байлар эле алат, баягылар эле алат деп жаман көрүп жатканы жөн жерден эмес. Албетте ошолор эле алат, себеби алар бүт бардык системаны билет. Айылдагы жашоо өзгөрмөйүнчө, сага каргыш айта берет. Айылдагы жашоо өзгөргөн жок да. Ооба, мамлекттик деңгээлде жакшы иштер жасалып жатат, бирок айылга жетпей жатпайбы", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал өкмөттөгүлөр миллиарддаган сомдорду айтып, асмандын башын сүйлөп жатат деп сынга алды.

"Реформаны башташ керек да. Мына 2 жыл болуп баратат. Күзүндө көрөбүз, өкмөттүн иштеши боюнча. Мен ачыгын эле айтып коёюн, өкмөткө баа берүү боюнча азыр ойлонуп жатам. Акылбек Жапаровдун реформасына кандай баа берсек болот? Азырынча бир дагы жылыш көрө элекпиз. Интернетте эки жылдан берки берген убадаларынын баары бар. Ушуга чейин чыдап отурабыз. Иштесе иштеп, мындай тартипке келсе келсин. Келбесе анда кыйнабай жыйыштыргыла да", - деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңеш 22.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан