Екатеринбургда экскаватор жер казгычы менен кыргызстандыкты чаап алган. Ал каза болду

Орусиянын Екатеринбург шаарында курулушта экскаватор жер казгычы менен жумушчуну чаап алып, ал каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 22-майда болгон. Анда экскаватор иштеп жатып, курулушта жумушчу болуп иштеп жаткан адамды жер казгычы менен (ковша) чаап алган. Тилекке каршы, жумушчу алган жаракатынан улам каза болгон.

Каза болгон адам Орусиянын паспортун алган кыргызстандык экени айтылды.

Тергөөнүн алкагында Орусия прокуратурасы тарабынан жер жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук эрежелеринин сакталышына жооптуу адам аныкталды.

Көзөмөл органы жооптуу кызмат адамдарынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча аракеттерине укуктук баа берет. Ошондой эле маркумдун юридикалык абалы такталат, тактап айтканда, ал эмгек келишими менен иштеген уюмдун кызматкери болгонбу же жарандык-укуктук келишимдин негизинде ишке тартылганбы текшерилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан