Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-25-майда Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
“Президент Садыр Жапаров 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.
25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат”, - деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалганы кошумчаланды.