"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу кырсыкта жабыркап, комага түшкөн окуучу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Анын айтымында, окуучуга ылдыйкы жаагына жана жоон санына операция жасалган.
"Баланын абалы жакшырды. Бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп, 20-майда ооруканадан чыгардык", - деди Маманов.
Эске салсак, 20-апрелде "Манас" аэропортуна кетчү жолдо окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон. Анын кесепетинен жалпы 27 бала №3 балдар ооруканасына кайрылып, медициналык жардам алган. Ал эми 21-апрелде бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.