"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда мектеп автобусунун катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-апрелде Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган окуучуларга барган.

2023-жылдын 21-апрелинде бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда 1 окуучу жана кичи автобустун айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, 20-апрелде "Манас" аэропортуна кетчү жолдо окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан