Орусиянын Волгоград облусунда 17 жаштагы окуучу акыркы коңгуроонун урматына тизилип турган маалда классташ кызынын моюнун кесүүгө аракет кылды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы Григорий классташтарынын артында туруп, алар менен чогуу ыр ырдап, андан соң классташ кызына бычак менен кол салган. Ал классташынын кекиртегин кесүүгө аракет кылган, бирок классташ балдары кызга жардам беришип, кол салган баланы кармап калышкан.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, анын өмүрүнө коркунуч жок.
Ал эмне себептен классташ кызына кол салганы белгисиз. Буга чейин жигиттин артында эч кандай таң калычтуу эч нерсе байкалган эмес.