WhatsApp каттарды оңдоо функциясын киргизди

WhatsApp тиркемесинде билдирүүлөрдү жөнөткөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде оңдоо мүмкүнчүлүгү кошулду, жакынкы апталарда ал бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болору белгилүү болду. Бул тууралуу аталган тиркеменин расмий блогунда айтылды.

"Сизге баарлашууларыңызды көбүрөөк көзөмөлдөө үчүн биз жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү түзөтүү мүмкүнчүлүгүн коштук. Эми сиз катаны оңой оңдоп же билдирүү жеткирилгенден кийин кошумча маалымат кошо аласыз. Жөн гана басып, кармап туруңуз, андан кийин менюдан пайда болгон“өзгөртүүнү” тандаңыз. Бул жөнөтүлгөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде жасалышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Маектешкендер "өзгөрүлдү" деген белгини көрүшөт, бирок оңдоо тарыхын көрө алышпайт. Ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөр, бардык жеке билдирүүлөр жана чалуулар сыяктуу эле, акырына чейин шифрлөө менен корголот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан