Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы коркунучтуу штамм пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. Жаңы пандемиянын кооптуулугу COVID-19га караганда алда канча жогору. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн ДСУнун жыл сайын өтүүчү ассамблеясында COVID-19дун бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоодо өзгөчө кырдаалы катары бүтүшү глобалдык коркунучтун аякташын билдирбей турганын айткан.
“Коронавирустун жаңы, жугуштуу жана өлүмгө алып келүүчү штаммынын пайда болуу коркунучу жогору бойдон калууда. Мындан сырткары, өлүм жаратуучу жаңы патогендин да пайда болуу кооптуулугу турат", — деген ал.
Андыктан Гебрейесус жалпы дүйнө коомчулугун бул кооптуулукка жамааттык жооп кылууну айтып, өлкөлөрдү жаңы өзгөчө кырдаалдарга активдүү даярданууга чакырды.
Эске салсак, буга чейин ДССУ 2020-жылы жарыяланган COVID-19дан пандемия статусун алып салган.