"Силерге акыркы мүмкүнчүлүк". Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды

Бүгүн, 24-майда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен болгон жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтин ишин сынга алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров министрликтин ишин толугу менен карап чыгуу керектигин белгиледи.

"Дээрлик бардык тармактарында артта калып жатабыз. Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө кемчилик бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады", - деди

Министрлер кабинетинин башчысы Орусия тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды.

"Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?" - деди ал.

Жыйын соңунда өкмөт башчы бир катар тапшырмаларды берип, министрликтин ишмердүүлүгүнө сентябрь айында тиешелүү баа берилерин белгиледи.

"Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, жолго коюуга акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, министрликке караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан