Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.
Жыйында депутат Шайлообек Атазов аймактардан ЖРТны жоюу же босого баллды азайтуу тууралуу сунуштар түшүп жатканын, анын кереги жок деген көз караштар бар экенин айтты. Аны кесиптеши Нурбек Сыдыгалиев да кубаттады.
Министр депутаттардын Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын төмөндөтүү сунушуна каршы пикирин билдирди.
"Биз ЖРТнын упайын төмөндөтө албайбыз, тескерисинче көбөйтөбүз. Антпесек, билимдин баркын көтөрө албайбыз. Кээ бир райондордо окуучулардын 83 пайызы ошол таптакыр аз деген 110 баллды тапшыра албайт. Кээ бир региондордо 87 пайыз. Бул бүт окуучу "2ге" окуйт дегенди түшүндүрөт. Кыргыз тилин да жетишерлик деңгээлде билбей жатат. Биз алар сурагандай жеңилдик бере берсек болбойт. Баарын жогорку окуу жайда оку деп кыйнабайбыз, бирок мектеп программасын өздөштүрүшү керек", - деди Иманалиев.
Ошондой эле ал мектептин мугалимдери да кайра окутуудан өтүп жаткандыгын кошумчалады. Буга чейин жылына 14 миң педагог квалификациясын жогорулатып келсе, быйыл алардын саны 36 миңге жетет.
Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөө сынагы 19-майда башталып, 24-майда аягына чыкты. Тестирлөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде маалым болот.