Депутат Өмүрзаков Баткенде үй курган компанияга чара көрүүнү тапшырды

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын кол салуусунда талкаланган Баткендеги үйлөрдү курган "Аманат курулуш инвест" компаниясынын артында ким турарын аныктоону тапшырды.
Эл өкүлү талкаланган үйлөрдү курууга катышкан ишкерлерден төраганын атына жана өзү жетектеген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине арыздар келип түшкөнүн айтты.
"Аманат курулуш инвест" деген компанияга мамлекеттен аябай көп акча бөлүнүп берилген экен. Анан бул фирма тарыхы, аты жок фирмаларга акчаны которуп бериптир. Каражаттын бүгүнкүгө чейин дайыны жок", - деди ал.
Ошондой эле депутат бул маселе боюнча жакында эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго бир канча жолу кайрылганын белгиледи.
"Карап койгула, балким туура эместир, чагым болуп жүрбөсүн дегенбиз. Бирок мына бизге расмий түрдө кат келип түштү. 30дан ашуун ишкер 20 миллионго жакын акчабызды бербей жатат дейт. Курулуш материалдарын карызга алган элек, аларды төлөп бере элекпиз, андан сырткары эмгек акыбызды да ала элекпиз деп арызданышууда. Биз эми муну комитетте карайбыз, тиешелүү органдарга өткөрүп беребиз. Ага чейин убакыт өткөрбөй сиздер тапшырма берсеңиздер. "Аманат курулуш инвест" кимдики, артында ким турат? Буга тез арада чара көрбөсө болбойт", - деди Өмүрзаков.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган көйгөйдү Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев да айтып чыккан.
Жогорку Кеңеш 25.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан