Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев Баткенди калыбына келтирүү жумуштары жакшы жүрбөй жаткандыгын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, талкаланган үйлөрдү куруу милдетин алган субподрядчы компания курулушчуларга акчасын бербей качып жүрөт.
"Баткенди калыбына келтирүү жумуштары жакшы эмес. Башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" жалпы жумуштарды алып, "Доор курулуш" деген субподрядчыга берген. Өз кезегинде ал кайра суб-субподрядчыларга 5-10дон үйдү таратып салган. Ошентип отуруп эки айда бүтүрөбүз деген жумушту мына жетинчи ай болду, дагы деле бүтүрө элек. Курулуш бүтпөгөндүктөн биздин жарандарыбыз ушул күнгө чейин үй-жайсыз жүрөт", - деди Ражабалиев.
Ошондой эле ал куруучулар эмгек акысын ала албай жүргөнүн кошумчалады.
"Канчалаган дүкөндөрдөн материалдарды алышкан, тамак бышырган ашпозчулары болгон экен. Субподрядчы менен суб-субподрядчылардын ортосундагы маселеден биздин эл кыйналып жатат. Акчасын алган, бирок ал жакка жеткирип берген эмес, качып жүрөт дейт. Андан сырткары, Өзбекстандан куруучулар келип иштеген экен. Алар да акчасын ала албай, кете албай жүрүшөт. Ушул маселени өкмөт катуу көзөмөлгө алып берсеңер", - деди эл өкүлү.