Нарматова аскерге барбаган жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштады

Аскердик кызмат өтөбөгөн жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Ал учурда жаштар акыл-эси токтотоло электе чет жакка чыгып кетип кордук көрүп жатышканын белгиледи.
"Аскердик кызматын өтөбөгөн жарандарды чет өлкөгө чыгарбоо жагын карап, тапшырма берсеңиздер. Себеби күчкө толуп турган жигиттерибиз аскерге барбай сыртка чыгып кетип, кордук көргөн фактылар көп. Жок дегенде аскердик кызматын өтөп, бара турган мамлекеттин мыйзамдарын билип, акылын токтоткондо сыртка чыкса жакшы болот эле. Жаш өспүрүм кыздарыбыз да 18 жашка толуп-толо элегинде чет жакка чыгып кыйналып жатышат", - деди Нарматова.
Ошондой эле ал өлкөдөгү кийим тигүү фабрикаларында миңдеген жумушчу орун бар экенине карабай жаштардын чет өлкөгө агылып жатканына нааразы болду.
"Тигүү цехтеринде жумушчу күч жетпей жатат. Ошолордо иштебей, Орусияга чыгып кетип мигранттардын санын арбыткан кыз-келиндерибиздин саны көбөйүүдө. Ошондуктан Эмгек министрлиги ушул багытта айыл өкмөттөр менен биргеликте иш алып барып, аймактарда мейли мамлекеттик же менчик болсун, ишканалар менен сүйлөшүп, жумушка орноштуруу жагын колго алса", - деди ал.
Жогорку Кеңеш 25.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан