Кытайдын түндүк тарабындагы Баотоу шаарынын тургуну видео чалуу аркылуу “досунан” ири суммадагы акча өндүргөн. Кийинчерээк ал жасалма интеллектин жардамы аркылуу жабырлануучунун досунун кебетесиндей болуп жүзүн өзгөрткөнү аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, кылмышкер "deepfake" технологиясы аркылуу жабырлануучунун досундай кылып кебетесин өзгөрткөн. Андан соң видео-чалуу аркылуу жабырлануучуга чалып, 4,3 миллион юань (622 миң доллар) өлчөмүндө акча которуусун өтүнгөн.
Жабырлануучу каражат тууралуу досунун кабары жок экенин билгенден кийин арыз жазган. Көп өтпөй кылмышкер кармалып, акчанын басымдуу бөлүгү ээсине кайтарылган.