Камчыбек Ташиев: "УКМКны жетектеп турганда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек" 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган кызматты башкаруу убактысы азайып жаткандыгын, бул орунда түбөлүк отурбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал "Регион" телеканалына берген маегинде айтты.

УКМКнын төрагасы 10-15 жыл атайын кызматты жетектебей турганын, бул кызматты аркалап жатканына 2,5 жыл өтүп кеткендигин, ошол себептен аз убакыт калганын билдирди. Ошондой эле ал аталган кызматта 10 жыл отурууга мүмкүнчүлүк жок экендигин кошумчалады.

"Коррупционерлерди, бандиттерди түп-тамыры менен жок кылышым керек. Мен кызматтан кеткенден кийин алар мага эле эмес, өлкөгө да зыян келтирбеши үчүн. Бул убакыт азайып баратат. Себеби мен үчүн ар бир саат, убакыт өтө маанилүү. Мен да, кол алдымдагылар да күнү-түнү иштейбиз", - деди атайын кызматтын башчысы.

Мындан тышкары ал УКМКнын ичи тазаланып, баары өз ордуна коюлуп, бир топ жакшырып калганын белгиледи.

Эске салсак, Ташиев 24-майда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү коррупция, оор жана оор кылмыштар менен болуп жаткан күрөш тууралуу айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан