Тышкы иштер министри Монголияга иш сапары менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 29-30-майда Монголияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Жээнбек Кулубаев Монголияга аталган аймактын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэгдин чакыруусу менен барат.

"Сапардын алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-монгол мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү маселелери талкууланат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан