УКМК "Батуми" кафесин бузуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралууу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ага ылайык, "Батуми" кафесин демонтаждоо учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мүлктү атайылап жок кылуу фактысы боюнча иш козголушу мүмкүн экендиги айтылды.
"Мыйзам бузуулар эки тараптан тең аныкталганы белгилүү болду. Айрыкча кафенин ээлери унаа токтотуучу жайды мыйзамсыз пайдаланышкан. Мекеменин ээлерине муниципалитеттин кызматкерлери аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга мүмкүнчүлүк беришкен жок", - деп билдирди өздүк булак.
Эске салсак, 24-майда борбор калаанын "Жал" кичи районунда "Батуми" кафеси буздурулган. Тамак-аш түйүнү Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзөт.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасынын негизинде окуя болгон жерге барып, кырдаалды иликтөөнү атайын кызматтарга тапшырган. Бузулган кафенин ээси Кадича Бечелова жана анын адвокаттары вице-мэр Нурдан Орунтаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.