Вице-мэр Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Батуми” кафесинин ээси тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды. Алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.
"Бул иште Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин да мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Ал кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Ошол себептен мэрдин орун басары жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Нурдан Орунтаев келип туруу убадасы менен бошотулду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аткаминерге мындан ары кызмат адамы тарабынан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин эскерткени кошумчаланды.