Жактоочу Равшан Жээнбековдун жубайынын кармалышынын чоо-жайын айтып берди

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасы бүгүн, 26-майда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Разак Ашимбаев билдирди.

Анын айтымында, Салкын Алимбаевага коррупция боюнча айып тагылууда.

"Саат 12:00 чамасында Алимбаеваны күбө катары УКМКга суракка чакырышкан. Андан кийин камакка алышты. Атайын кызмат анын Бишкек мэриясынан жер тилкелерин мыйзамсыз алууга катыштыгы бар экенин айтууда", - дейт адвокат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева кечээ, 25-майда кармалган. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Ал эми Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан