Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакка алынды

Кечээ, 25-майда камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында ал эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалымдалгандай, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү сотто канааттандырылып, Алимбаева 24-июлга чейин камакка алынган.

Буга чейин SUPER.KG порталына жактоочу Разак Ашимбаев Салимбаева коррупция боюнча айып тагылып жатканын билдирген болчу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева 25-майда кармалган.

Ал эми Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан