Бүгүн, 26-майда президент Садыр Жапаров "Бишкек машина куруучу заводу" ачык акционердик коомуна жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле "Кыргызиндустрия" ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчысына аталган объектилердин кубаттуулуктарын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер тууралуу, тактап айтканда, бул жерде жаңы өндүрүш аянттарын, технопарк сыяктуу ири объектилерди ачуу үчүн чет элдик инвестицияны тартуу жөнүндө маалымат берди.
Мындан башка ал жакка барган маалда президентке Министрлер Кабинетинин токтому менен мамлекеттин 100 пайыз катышуусунда 1 миллиард сом уставдык капиталы менен түзүлгөн "Кыргызиндустрия" ААК ишке ашырып жаткан долбоорлорду көрсөтүп, тааныштырышты.
Бүгүнкү күндө ААКда жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлор бар.
Учурда "Кыргызиндустрия" ААКсы 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражатты берүү токтотулгандыктан, калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтотулган.
Садыр Жапаров "Кыргызиндустрия" ААКнын токтоп калган долбоорлорун ишке ашырууну кайра баштоонун, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана токтоп турган цехтерди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчысы ата мекендик экономикага түрткү бере турган өлкөнүн өнөр жай тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк потенциалды жана заводдордун аймактарын максималдуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Президент министрлер кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.