Түрк оппозициясынан президенттикке талапкер Кемал Кылычдароглу Түркиядагы президенттик шайлоону акыркы жылдардагы эң адилетсиз шайлоо деп атады. Бул тууралуу ал шайлоонун 2-айлампасынын жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө айткан.
Кылычдароглу өз сөзүндө шайлоодо жеңилгенин моюнга алган эмес.
"Бул президенттик шайлоо бардык кысымдарга карабай, авторитардык бийликти алмаштырууга элдин эрки бар экенин ачык көрсөттү. Республикалык элдик партия жана Улуттук альянс согуш аянтчасында өзүнүн бардык элементтери менен күрөшүп жатат. Биз өлкөбүзгө чыныгы демократия келгенге чейин бул күрөштүн баштоочулары боло бермекчибиз", - деген ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган 52,14 пайыз, ал эми Кылычдароглу 47,87 пайыз добуш алган.