Чүйдө киши өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн үчүнчү жаран кармалды 

Панфилов районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында денесинде зомбулуктун издери бар 1968-жылы туулган В.Х. аттуу жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.Т. жана 1962-жылы туулган Д.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми үчүнчү шектүү 1970-жылы туулган Т.Ж. издөөдө жүргөн.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан