Токторбаевдин талкууга түшкөн малдан салык алуу сунушуна президент кандай пикирде? Расмий жооп

Өлкө башчы Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратып жатканын белгиледи.
"Мындай демилгени - мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен былтыр апрелде фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Ал мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, президент фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз", - деп жазды Орунбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоорун 22-майда коомдук талкууга чыгарган.
Ага ылайык, жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиси, 3 баш уй, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөчү болуп саналат жана жылына бир жолу кой-эчкиге 100 сом, ал эми бодо мал менен жылкыга 250 сом салык төлөшү керек болот.
Эл өкүлүнүн мындай сунушу коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, түрдүү пикирлер айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан