АКШ Түркиядагы президенттик шайлоодогу Режеп Тайып Эрдогандын жеңишинен кийин өлкөгө каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Мындай алдын ала божомолду түрк талдоочусу Энгин Озер РИА Новостиге берген маегинде айткан.
"АКШ Түркиядагы таасирин көптөн бери жоготуп келет. Балким Вашингтон Евро Биримдикте Түркия сыяктуу стратегиялык өнөктөшүн жоготконуна кубанат", - деген ал.
"Кыязы, Вашингтон Түркияга каршы санкцияларды киргизет. Эрдоган өз кезегинде экономикалык каатчылык менен күрөшүү үчүн мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн күчөт", - деп кошумчалаган ал.
Ал Эрдогандын жеңишинен кийин өлкө бийлиги санкцияларга алдын-ала даярданып жатканын кошумчалады.
Кечээ, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Жеңишке азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган ээ болду. Ага шайлоочулардын 52,14 пайызы добуш берген, анын атаандашы Кемал Кылычдароглу 47,86 пайыз добуш алды.