"Артында 4 баласы калды". Токмоктогу жол кырсыктан каза болгон 8 адам бир күндө жерге берилди 

Токмок шаарында жол кырсыгынан каза болгон 8 жаран жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жылдыз Жантелиевага байланышканыбызда маалым болду.

"Бүгүн каза болгон жарандар акыркы сапарга узатылды. Баш-Кайыңды айылынан 6, ал эми Дыйкан айылынан 2 адам көз жумган. Баш-Кайыңды айылынан айдоочу, келинчеги кызы менен жана айдоочунун карындашы кызы менен каза болгон. Андан сырткары ошол эле айылдан апа көз жумду. Ал эми Дыйкан айылынан РЭСтин кызматкери жана мугалим каза болгон.

Маркум айдоочу мугалим болуп иштеген. Жубайлардын жалпы 5 баласы бар болчу. Эми 4 баласы жетим калды. Эртеңден баштап балдардын документтерин бүтүрүп, камкордукка чоң апасы дайындалат. Ошондой эле биздин жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө алынып жатат. Соттун чечими менен камкорчу дайындап, өзүбүз дагы карап турабыз. Ал эми маркум айдоочунун карындашынын артында 3 баласы калды", - дейт ал.

Эске салсак, 27-майда Нарындан Бишкекке келе жаткан Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаа жолдун 78-чакырымында каршы тилкеге чыга коюп автоманипулятор менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 8 адам окуя болгон жерде көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан