Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Алгач “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргызстандын өкмөтү менен Индиянын өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Жыйында депутат Адахан Мадумаров Кытай менен болгон макулдашуу сурамжылоо түрүндө чечилип калганы тууралуу маселе көтөрдү.
"Өткөндө Кытай менен болгон эки келишимди сурамжылоо жолу менен чечип бердик деп айттыңыз. Төраганын орун басары дагы "боло берет, регламент бузулган жок" деп, өтүп кетти. Силер мага көрсөтүп берсеңер, кайсы беренеде, регламентте "комитет жыйын өткөрбөй эле сурамжылоо жолу менен кол коюп берсе болот" деген нерсе бар? Азыр Кытай менен болгон эки келишим тең мыйзамсыз. Эгерде ушундай жол менен кете бере турган болсо Улан Бердибаевич, мен чечкиндүү түрдө сиздин комитет төрагалыгына татыктуу же татыксыз экендигиңиз жөнүндө маселени көтөрүшүм керек болот. Себеби, келечектеги урпактардын тагдырын ойноп-күлүп чечип коюп жатабыз. Ратификация деген эл аралык маселе! Аны оюнчук катары көрүп, сурамжылоо жолу менен кол коюп берген болбойт!" - деди Мадумаров.
Ошондой эле ал ошол жыйынды алып барган төраганын орун басары дагы кайсы беренеде бар экенин көрсөтүп бере албай турганын белгиледи.
"Сиз дагы айта албайсыз, регламенттин кайсы жеринде уруксат берилерин. Телпеңдеп бөлүм башчы чуркап келе калды. Ал башка маселе. Бөлүм башчылар жөнүндө дагы маселени көтөрүш керек. Себеби, ар кайсы нерсени айтып, төраганын башын айлантып жаткан силерсиңер. Бул орчундуу маселе. Андай кылбай жүргүлө. Уят болот" - деди эл өкүлү.
Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Осмонов, "Мага асылбай сүйлөңүз, орун басары деп айтып жатасыз" деди.
Ага Мадумаров, "Сиз Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп калдыңызбы? Балдар айланайын, сөздү аягына чейин угуп үйрөнгүлө. Силер эмне болуп калгансыңар? Мен Жогорку Кеңештин төрагасын айтып жатам. Сөздү аягына чейин угуп үйрөнгүлө балдар, уят болот" деп жооп кайтарды.
Ал арада депутат Шайлообек Атазов, "Бул Айбек Осмонов депутат. Балдар деп эле аны балаңыздай уруша бербеңиз" деди.
Мадумаров: Биринчиден, балдар дегенге сүйүнгүлө. Жигиттер, балдар, аксакалдар деп кайрылат кыргызда.
Улан Примов: Ал мыйзам эмес, болгону маданият тармагындагы макулдашуу.
Мадумаров: Кайсы тармакта болбосун, макулдашууга комитеттин жыйынында макулдук берилет. Комитеттин жыйыны өткөн жок.
Примов: Ал жыйында өзүңүз билгендей, мен жок болчумун. Иш сапарда элем.
Мадумаров: Кеп ошондо. Бирок, сиз мыйзамдуу өттү, кол коюп бердик деп жооп бердиңиз.
Примов: Мен комитеттин төрагасы катары, комитеттин ишмердүүлүгүнө жооп берем.
Мадумаров: Жооп бербей атасыз.
Осмонов: Жумушту баштайлы. Болбосо жабык жыйын кылалы дагы "эркекче" сүйлөшүп алалы.
Мадумаров: Жабык эмес ачык эле жыйын болушу керек, жашыра турган эч нерсе жок.
Андан соң Адахан Мадумаров Улан Примовго Кытай менен болгон эки келишим мыйзамсыз экенин моюнуна алышы керектигин кайталады.
Примов: Эгерде мыйзамсыз болсо, депутат катары Конституциялык сотко кайрылууга укугуңуз бар, кайрылыңыз. Бул жерде 86-беренин 3-бөлүгүндө ачык добуш берүү боюнча айтылып жатат...
Мадумаров: Ошону аягына чейин окуңузчу.
Примов: Сиздин алдыңызда барбы? Алдыртыңыз, анан окуюн. Оку десе эле окуй бергендей, сизге эмне окуучумунбу?
Мадумаров: Окуй албайсыңар! Себеби, туура эмес экенин билесиңер.
Примов: Окуй алабыз. Биз өзүбүздүн милдетибизди так аткарабыз.
Атазов: Адахан Кимсанбаевич, ошондо Кыргызстандын Кытай менен мамилеси бекемделбеши керек беле? Биз эмне туура эмес кылып койдукпу?
Мадумаров: Күчөтмөктөн андан ары кетиргиле. Баары мыйзам чегинде болушу керек.
Атазов: Антип "кетиргиле" деп сүйлөбөңүз. Сиздин оюңузча Кытайды колдобой коюшубуз керек беле, бардык мамлекеттерге согуш ачышыбыз керекпи?
Мадумаров: Төө десе, бээ дейсиңер да. Мен колдогула деп жатам, бирок регламент менен колдогула деп жатам.
Атазов: Адахан Кимсанбаевич, биз сизди сыйлайбыз. Тажрыйбалуу депутатсыз. Президент болом деп жүрөсүз. Алла өмүр берсин. Бирок, мамлекеттин саясатына дайыма эле каршы сүйлөй бербеш керек да. Өзүңүз ыйманды, хадисти түшүнөсүз. Ниетти түздөш керек да.
Ала арада башка депутаттар сөзгө аралашып, күн тартибиндеги маселелерди кароого өтүүгө чакырды. Депутат Улан Бакасов комитет төрагасы Примовго кайрылып, мамлекеттин мыйзамдарына эмес, анын алып баруусуна каршы чыгып жатканын айтты.
Бакасов: 12 жылдык билим берүү боюнча эмне болду, өттүбү же өткөн жокпу?
Примов: Өткөн жок, өзүңүз беш колдой билесиз.
Атазов: Эмнеге өткөн жок?
Примов: Ал маселе ачык бойдон турат. Кол толук топтоло элек.
Атазов: Анда мындан кийин кол койдурбаңыздар.
Бакасов: Болду анда сүйлөштүк. Кийинки комитет жыйынында карайбыз. Кийинкиде карайбызбы?
Примов: Буюрса.
Бакасов: Буюрса эмес, так айтпайсызбы. Комитет сиздин менчигиңиз эмес да.
Примов: Менчигим эмес, мен өкмөттүн позициясына карап туруп айтам. Эгер киргизе турган болсо, киргизишет, болбосо жок. Мен аларды киргиз деп кантип айтам
Бакасов: Дал ушул 12 жылдык боюнча экөөбүздө пикир келишпестик чыгып жатат. Ошонун тагдырын айтыңыз, качан кирет?
Андан соң комитеттин төрагасынын орун басары Лейла Лурова кесиптештерин күн тартибиндеги маселелерди кароого чакырды.