Ирандын эң сулуу актрисасы Канн фестивалына чагымчыл көйнөк кийип чыкты

Ирандык модель жана актриса Махлага Жабери Канн кинофестивалына чагымчыл кийим менен чыкты.

33 жаштагы атактуу актриса кызыл килемге моюнуна илмек жип менен кооздолгон кара көйнөк кийип чыкты. Анын айтымында, бул образ анын мекенинде "өлүм жазасына жана диктатурага каршы нааразылык" катары тандалган.

"Иран элине арналат", - деп жазды модель социалдык тармактагы баракчасына.

Социалдык тармактын колдонуучулары анын бул образын эрдик катары баалашууда.

Махлага Жабери хиджаб кийүүдөн баш тарткан алгачкы ирандык актрисалардын бири. Көп жылдан бери “Ирандын эң сулуу модели” аталып келген кыз моделдик карьерасын мекенинде баштап, бирок АКШга көчүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан