Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоодо Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болду. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алды.
Беш пайыздык босогодон ашкан талапкерлер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн кайтарып алууга укугу бар.
Ниязалиевадан сырткары төмөнкү талапкерлерге күрөө кайтарылып берилет:
Улан Сариев - 11,88 пайыз (2 070 добуш);
Эртай Искаков - 7,56 пайыз (1 317 добуш);
Акыл Айтбаев - 5,69 пайыз (991 добуш);
Аттокур уулу Илимбек - 5,16 пайыз (900 добуш).
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда талапкерлердин жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн аракеттерине карата келип түшкөн даттанууларды карайт.
Жалпысынан шайлоо процесси башталгандан тарта 20 арыз түшкөн. Арыздар каралгандан соң шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат.