Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Талайбек Масабиров, Шаирбек Ташиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Марлен Маматалиев жана Алишер Козуев Япония мамлекетинде иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, парламенттик делегация Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин коштоосунда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.
Алгач депутаттар Гэн Накатани баштаган “Кыргызстан-Япония” парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен баарлашып, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолугушууда парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү Японияда эмгектенип жана окуп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угушту.
Муну менен катар жергиликтүү жетекчилер менен бирге экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүшүштү. Айрыкча, соода байланышын жакшыртуу жана инвестиция тартуу жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.