Кечээ, 29-майда Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэгдин чакыруусу менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэгд менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушуу пландалган.
"Делегациянын курамында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов болгон. Алар Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин, Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин, Салык кызматынын жана Токой чарба агенттигинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.