Президент Түп районунун акимине сөгүш берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

"Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча туристтик сезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү", - деп жазды Султанбаев.

Ошондой эле ал президент Жапаров туристтик сезонго карата даярдыкты жана тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө аларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан