"Батуми" чыры: Депутат Орунтаевден 3 миллион сомду кайдан аларын сурады

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жыйында “Батуми” кафеси боюнча маалымат угушту.

Жыйында шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков Орунтаевден "Батуминин" кожоюндарына компенсация төлөп берүү үчүн 3 миллион сомду кайдан ала турганын сурап, ал акыркы 10 жыл тергөөчү болуп иштегенин эске салды.

"10 жыл тергөөчү болуп иштептирсиз, 3 миллион сомду төлөп берем дептирсиз. Ал акчаны каяктан аласыз?", - деди Асанбеков.

Өз кезегинде Орунтаев тергөө органдарынын чечимине эч ким комментарий берүүгө укугу жок экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 24-майда борбор калаанын "Жал" кичи районунда "Батуми" кафеси буздурулган. Тамак-аш түйүнү Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзөт.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасынын негизинде окуя болгон жерге барып, кырдаалды иликтөөнү атайын кызматтарга тапшырган.

26-майда УКМК Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилгендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан