Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Роза Аманованын жактоочусу Искендер Кыштообаев буга чейин акын, жазуучу Бактыгүл Сейитбекова жана Роза Шамшибекованын талаш жараткан Токтогул мал базарынын айланасында айткан сөздөрүн төгүнгө чыгарды.
"Бактыгүл Сейитбекова (паспорт боюнча Бактылу Сейитбекова ), уулу Алихан Кылданов (паспорт боюнча Кубанычбек Кылданов ) жана Роза Шамшибекова маалымат жыйында жана маектеринде айткан фактылардын баары негизсиз, эч кандай далил менен тастыкталган эмес" деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, учурда бул иш Октябрь райондук сотунда каралууда.
"Сот отурумунда Бактыгүл Сейитбекова менен уулу Алихан Кылданов жабырлануучу Роза Амановага мал базарын, үйүн жана малын (толук эмес) өз ыктыяры менен кайтарып берүү үчүн сотко нотариусту чакыруу менен өздөрү кайрылышкан жана аларды эч ким мажбурлаган эмес.
Сейитбекованын "Аманова менден 7 миллион рубль алган жана атымды каралоо максатында Орусиядан адамдарды алып келген" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт, эч кандай далил (тил кат, келишим же аудио-видео жазуу) жок. Тескерисинче, Сейитбекова Амановадан карыз алган акчалары тууралуу WhatsApp сүйлөшүү-жазуулар, банк аркылуу ага которгон акчалардын дүмүрчөгү бар.
Ишти алдын-ала тергөө жана эркинен ажыратуу боюнча жүргөн сот процессинде Сейитбекова менен Кылданов "жактоочусуз болдук" дегени калп. Тергөө учурундагы документтерде бардык жерге жактоочунун колу коюлган.
"Роза Аманованын Москва шаарында бир нече батири бар" деп айтыптыр. Бирок муну тастыктаган эч кандай документ жок.
Ал эми Роза Шамшибекованын билдирүүсүндө дагы негизсиз себептер бар. "Шамшибекова Токтогулдагы мал базар эч качан анын маркум жолдошуна дагы, ага дагы тиешелүү болбогонун жакшы билет", - дейт Кыштообаев.
Мындан тышкары жактоочу Токтогул мал базарын сатып алганга чейин аталган мал базар Шамшибекованын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон деген документ жок экендигин айтат.
"Буга Токтогул районундагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлк боюнча каттоо делосу күбө.
Роза Шамшибекова Амановага "Бишкектен мага батир алып бересиң, болбосо сени Сейитбековага кошулуп жамандайм" деген шарт коюп, "шылуундук" кылып жатат. Учурда ал Сейитбекова менен Аманованын ортосундагы чыр-чатакты пайдаланып, ырчыдан акча талап кылып Бишкектен батир алдыруу үчүн шантаж (аудио жазуу бар) кылып жатат.
Бактыгүл Сейитбекова жана Алихан Кылдановдун массалык маалымат каражаттарына, социалдык тармактар аркылуу тараткан жалган билдирүүлөрү үчүн Роза Аманова Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги "Адам абийирине шек келтирүү" беренеси менен сот органдарына кайрылды", - делет маалыматта.
Эске салсак, 26-майда акын, жазуучу Бактыгүл Сейитбекова менен Роза Шамшибекованын чырлуу мал базар окуясы тууралуу журналисттерге маалымат беришкен.