Бүгүн, 26-майда акын, жазуучу Бактыгүл Сейитбекова менен Роза Шамшибекованын ырчы Роза Аманова менен жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин ортосундагы чырлуу мал базар окуясы тууралуу маалыматтык жыйын өттү.
Маалым болгондой, окуянын башталышы 2000-жылдарга барып такалат. Аталган жылы Роза Шамшибекованын жолдошу 40 жыл мал базарда иштегени үчүн мал базар кайтарымсыз берилет. Тилекке каршы, бир жылдан кийин жабырлануучунун жолдошу каза болуп калат. Шамшибекованын айтымында, жолдошу дүйнөдөн өткөнүнө 5 күн боло электе, Роза Аманованын бир тууган иниси келип "Жалал-Абаддан текшерүү келди, мал базарга тиешелүү мөөр, документтериңизди берип туруңуз" деп мал базарды өздөрүнө өткөрүп алган. Ошол учурда Бишкекте Транспорт министри болуп иштеген Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевге барган. Ал "Кечирип коюңуз, бир тууган кайним болуп жатпайбы" деп кетирип салганын айтат.
Мал базардын чыры ушуну менен эле токтоп калбай, азыркы учурга чейин уланып келет. Алар билдиргендей, Роза Аманова Бактыгүл Сейитбековадан карызга акча алып, бере албай калган. Акындын айтымында, ал карыздын ордуна жогорудагы мал базарды берген.
"Орусияда иштеп жүргөнүмдө Кубанычбек Жумалиев чалып "Сиңдиңиз ооруп жатат, дарыгерлерге көрсөтүңүз" деп айтты. Роза Аманова Орусияга келгенден кийин дарыланган деле жок.
Ал мага туура эмес медициналык жабдуу алып алганын айтып, 10 күндөндөн кийин берем деп 7 миллион рубль карызга алды. Бирок ал убакыт ичинде дагы бербей, Кыргызстандан берем деди. Бирок ал телефонун албай, созуп жүрдү. Мен ага бирөөлөрдөн карызга алып берген элем, ал акчалардын баарын өзүм жаап жүрдүм. Бирде "Роза, кыйналып жатам" деп чалсам, "Токтогул мал базарын алыңыз" деди. Ошентип 2019-жылы август айында мал базар бизге өтүп, ошол эле жылы 31-декабрда алдын ала келишим түзүлдү.
Мал базар бизге өткөн учурда ал жакта болгону төрт казык бар болчу. Дааратканадан баштап, ашканага чейин куруп чыктык. Өмүр бою Орусиядан тапкан акчамды жана эки жер тилкемди сатып ушул жакка жумшадым. Мал базарды оңдоп, гүл базарга айлантып, айына 500-600 миң сом пайда түшө баштаганда Аманованын алдамчылыгы башталды. Ал менден "Ишеним кат бериңиз" дегенде бербей койдум. Себеби, мен Роза Шамшибекованын окуясын угуп калдым. Аманова мага "Бербей эле коюңуз мен үстүңүздөн жасатып алам" дегенде "Нотариусуңду дагы, өзүңдү дагы сотко берем" деди. Андан кийин биз үч жолу суракка чакырылып, үчүнчү жолу суракка барганда балам экөөбүздү каматып койду. Мен 3 ай 20 күндө эркиндикке чыктым. Эркиндикке чыгуунун жалгыз жолу мал базарды берүү болду. Сот залында камак артында отуруп кол коюп бердик. Балам менен келиниме "апаңды 77 баш жылкы, 15 уй, 500 миң акча берсең чыгарабыз" дешиптир.
Биз Роза Шамшибекова экөөбүз УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз жаздык. Жыйынтыгында Токтогулга "Бул иш ийне-жибине чейин изилденсин" деген кат келди. Учурда текшерүү жүрүп жатат", - дейт ал.
Ал эми аталган маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманованын жактоочусу келди. Анын айтымында, ырчы айым бардык маселени сот аркылуу гана чечет.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин чагылдырууга даяр.