Тергөө иштеринин чечимине карап "Батуми" кафесинин ордуна сквер курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев шаардык кеңештин отурумунда айтты.
Жыйында шаардык кеңештин депутаты Улан Сариев Орунтаевге "Батуми" кафесинин ордуна сквер салына тургандыгын уккандыгын айтып, аял затына аяр мамиле жасоо керектигин кошумчалады.
"Бул иш тергелип бүткөндөн кийин чечимине жараша "Батуми" кафесинин орду сквер болорун пландап жатыптырсыздар. Бул туура. Жал кичи районунда тургундар үчүн эс алуучу жай жок. Бирок сизге айтарым аял заты эне, ага аяр мамиле жасооңузду суранып кетет элем. Аталган тамактануучу жайдын кожейкесинин ыйлаганы коомдо чоң резонанс жаратты", - деди Улан Сариев.
Эске салсак, 24-майда борбор калаанын Жал кичи районунда "Батуми" кафеси буздурулган. Тамак-аш түйүнү Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзөт.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасынын негизинде окуя болгон жерге барып, кырдаалды иликтөөнү атайын кызматтарга тапшырган.
26-майда УКМК Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилгендигин билдирген.