Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух эки өлкө ортосундагы көп кылымдык достукка негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда чоң потенциал бар экенин айтып, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Маалыматта, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкө башчы Садыр Жапаровдун саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткиргендиги тууралуу айтылды.
"Министр Жээнбек Кулубаев саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Монголиянын айыл чарба, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» демилгесинин максаттары жана милдеттери менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун «Миллиард дарак» улуттук программасы шайкеш келери айтылды", - деп билдирди мекемеден.
Ага кошумчалай, жолугушууда соода көлөмүн кеңейтүү, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, тигүү жана текстиль тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.