Москвага учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулу террордук акт катары бааланат. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Чечим кабыл алуу борборлоруна каршы сокку уруу мүмкүндүгү жөнүндө биз буга чейин айтканбыз. Албетте, эки-үч күн мурда кол салууга кабылган Украинанын аскердик чалгындоо штабы да ушул категорияга кирет. Буга жооп кылып Киев режими орус жарандарын коркутуу жана турак жайларга кол салуу жолун тандап алды", - деген Путин.
Ошондой эле орус президенти украиналык учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп баалай турганын билдирди. Ал баса белгилегендей, Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн айырмаланып, орус аскерлери аскердик инфраструктура объектилерине гана жогорку тактыктагы соккуларды гана жасайт.
Бүгүн, 30-май күнү эртең менен Орусиянын борбору Москва шаарына учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалган.