Ырчы Азалия жолдошу менен АКШдан үй алды

Ырчы Азалия Дүйшөналиева АКШдан үй алды. Бул тууралуу ырчы айым Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

"Ак өргөөлүү болдук, достор! Биздин биринчи чогуу алган үйүбүз. Буга чейин ижарага батир алууну ойлоп жатканбыз, кийин жеке үйлөрдөн карап көрүүнү чечтик. Бир нече райондордон карап көрүп, биринчи көргөн үйгө токтолдук.

25-майда документтерди өзүбүзгө каттадык.

2-3 күндөн бери жайгашып жатабыз. Мени үй кожойкелери түшүнсө керек. Биз бул тууралуу көптөн бери кыялданып келгенбиз", - дейт ал.

Маалым болгондой, ырчы Азалия Дүйшөналиева менен жолдошу Данияр мырза ак өргөөсүн АКШнын Техас штатындагы Джорджтаун шаарынан алышкан.

Эске салсак, ырчы айым ушул жылдын март айында үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан