Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин ишин сынга алды. Бул тууралуу эл өкүлү 30-майдагы парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жанаа коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында айтты.
Жыйында депутат аталган агенттиктин жетекчиси Мырзабек Жыпаркуловду кызматка келгенден бери эч кандай жумуш аткарбай эле, чет өлкөгө көп чыгып жаткандыгын айтты. Ошондой эле ал депутаттар тарабынан берилген бир да суроого жооп бере албагандыгын сындады.
"Сиз бул кызматка келгениңизге 4 ай болуптур. Төрт ай ичинде 4 мамлекетке барып келдиңиз. Кызматка чет мамлекеттеп жүрүү үчүн келдиңизби? Жергиликтүү бийлик тарабынан "качан мектеп, бала-бакча курулат? Качан таза суу чыгарылат?" деген суроолор байма-бай берилип эле жатат. А сиз болсо "бүгүнкү күндө канча обьект курулуп жаткандыгын, канча мектеп бар, канчоо бүттү, канчоо бүтө элек?" деген суроолорго жооп бере албай отурасыз. Мен сиздин ордуңузда болгондо "иштей албай койдум деп кызматымды тапшырып кетип калмакмын", - деди эл өкүлү.
Ага кошумчалай, эл өкүлү депутаттардан аталган кызматтын иш ордун кароону сунуштады.