Парламент “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды

Парламент “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды. Ага президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Тагыраагы, кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.

Мыйзам долбоорун 69 депутат колдоп берди.

Парламент мыйзам долбоорун президенттин кароосуна жөнөттү. Мамлекет башчысы долбоорго кол койгондон кийин, ал мыйзам катары күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан