Индияда аткаминердин телефону үчүн плотинадагы 41 миллион литр суу сордурулду  

Индияда мамлекеттик кызматкер телефонун плотинадагы сууга түшүрүп алгандыктан, 41 миллион литр өлчөмүндөгү суу сордурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка караганда, Ражеш Виш аттуу индиялык аткаминер сүрөткө түшүү учурунда уюлдук телефонун плотинага түшүрүп алган. Суучулдар телефонду таба албай койгондуктан аткаминер плотинадагы суунун баарын сордурууну талап кылган. Натыйжада 3 күндө жалпы көлөмү 41 миллион литрге жеткен суу сордурулган. Билдирүүгө ылайык, мындай көлөмдөгү суу 1500 гектар аймакты сугарууга жетмек.

Ал эми Ражеш Виш мындай кадамга барганын телефонунда бир нече мамлекеттик деңгээлдеги маалыматтардын болгону менен түшүндүргөн. Учурда аткаминер кызматынан бошотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан