Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоор артка кайтарылды.
Аны четке кагуу сунушун эл өкүлү Шайлообек Атазов көтөрүп, мыйзам долбоору улутка каршы келе турганын билдирди.
Талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок. Ага 56 депутат "каршы", жетиси "макул" деп добуш берди.
Жаңы мыйзам долбоорунун демилгечилери жалган маалымат жарыяланган болсо аны далилдеп берүүгө убакыт берилүүсүн сунуштоодо. Учурдагы мыйзам боюнча мындай учурда Маданият министрлигинин алдындагы жумушчу топ карап, актанууга негиз бербей эле жабылсын деген чечим чыгарат.
Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн арыз келип түшкөн учурдан тарта 24 саатка эмес, үч күнгө чейин узартуу сунушталууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин эки комитети да жогоруда аталган мыйзам долбоорун колдоп берген.
Мыйзам долбоорун депутаттар Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.