Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 31-майда Башкы прокуратуранын аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунушунан кийин маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында Мадумаров камалуу мүмкүндүгү тууралуу суроого дагы жооп берди.
"Мен баарына даярмын. Каалаганын кылышсын. Ким бизнес же саясат менен алектенсе баарына даяр болушу керек", - деди Мадумаров.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгендигин билдирген.
Андан кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.