Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Төрага регламент боюнча сунуш келип түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде комиссия түзүү керектигин белгиледи. Анын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирди.
"Ыйман нуру" фракциясынан - Динара Ашимова;
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Гуля Кожокулова;
"Альянс" фракциясынан - Фарходбек Алимжанов;
"Элдик" депутаттык тобунан - Мирлан Самыйкожо;
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Кундузбек Сулайманов;
"Мекенчил" депутаттык тобунан - Карим Ханджеза;
"Ишеним" фракциясынан - Миргүл Темирбаева;
"Ынтымак" фракциясынан - Мурадил Сыдыков.
Төрага Шакиев депутат Мадумаровго койгон беренелер канчалык деңгээлде негиздүү экендигин депутаттык комиссия иликтеп чыгарын кошумчалады.